Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 02:46
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

ЖКнын тармактык комитети Кыргызстандын Түркмөнстанга, Италияга жана Кувейтке элчиликке талапкерлерди жактырды

10.05.2021 15:54
766
ЖКнын тармактык комитети Кыргызстандын Түркмөнстанга, Италияга жана Кувейтке элчиликке талапкерлерди жактырды


10-майда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстандын Кувейттеги элчиси кызмат ордуна Азамат Омарбаевич Карагуловдун талапкерлигин жактырды.


Буга чейин Самаргүл Адамкулова 2018-жылдан бери Кыргызстандын Кувейт, Бахрейн жана Иорданиядагы элчиси болуп иштеп келген.


Аталган комитет Кыргызстандын Италиядагы элчиси кызмат ордуна Базарбаев Таалай Чолпонбековичтин талапкерлигин жактырды.


Ошондой эле, анын талапкерлиги БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмундагы, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасындагы жана Римдеги башка эл аралык уюмдардагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү кызматына талапкер катары каралды.


Ал эми Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси кызмат ордуна Талант Султановдун талапкерлигин жактырды.


Тышкы иштер министринин орун басары Азиз Мадмаров өзүнүн талапкерлигин JK Комитетинин мүчөлөрүнө сунуштады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн