Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 13:29
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

ЖКнын төрагасы Азербайжан парламентинин төрайымы менен кызматташтык маселелерин талкуулады

15.04.2021 15:15
914
ЖКнын төрагасы Азербайжан парламентинин төрайымы менен кызматташтык маселелерин талкуулады

Бүгүн, 15-апрелде Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблея Кеңешинин жыйынынын алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытов менен Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин төрайымы Сахиба Гафарова жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.


Жолугушууда боордош эки мамлекеттин байланыштарынын келечеги, анын ичинен саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Талант Мамытов менен Сахиба Гафарова соода-экономикалык байланыштарда жылыштар бар экенин белгилешип, бирок эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү мүмкүнчүлүктөргө карабай төмөн экендигин кошумчалашты.

Андан тышкары боордош эки элдин мамилесин чыңдоого өбөлгө болчу парламенттер аралык өнөктөштүктү да өнүктүрүү зарылчылыгына токтолушту.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн