Бугу 08, 2024
Убакыт: 22:49
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

ЖКнын вице-спикери жана депутаты бир нече коомдук ишмерлерге Ардак громаталарды тапшырды

24.08.2021 18:16
837
ЖКнын вице-спикери жана депутаты бир нече коомдук ишмерлерге Ардак громаталарды тапшырды


Бүгүн, 24-августта КРнын Жогорку Кеңешинин вице-спикери Аида Касымалиева  жана КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Абдывахап Нурбаев КРнын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын урматына залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун карындашы, коомдук ишмер, окумуштуу, публицист Роза Айтматовага, саясий репрессия курмандыктарынын сөөктөрү жаткан жери тууралуу алгачкы маалыматты алып, аларды казып алуу иштеринин башында турган тарых илиминин кандидаты, коопсуздук кызматынын ардагери Болот Абдрахмановго, ошондой эле "Ата-Бейиттин" сырын ачкан Бүбүйра Кыдыралиевага Жогорку Кеңештин Ардак грамоталары менен бирге акчалай сыйлыктары тапшырышты. Бул тууралуу вице-спикер билдирди.


Жолугушуунун жүрүшүндө "Кыргызстандагы саясий репрессиянын курмандыктары" (1920-1953-ж.ж.) 10 томдук китеби тууралуу эркин ой-пикир бөлүшүп, "Кыргызпатент" тарабынан жарыкка чыккан Роза Төрөкуловнанын "Атам жөнүндө" эскерүү китебин автордун өзүнөн белекке алышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн