Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 02:17
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Парламентте оң рулдуу унааларды алып кирүүгө жана каттоого уруксат берүүнү кайрадан сунушталды

05.10.2022 11:02
366
Парламентте оң рулдуу унааларды алып кирүүгө жана каттоого уруксат берүүнү кайрадан сунушталды


Жогорку Кеңештин 5-октябрдагы жыйынында депутат Русланбек Жакышов оң рулдуу унаалардын ээлери кайрылып, унаасын каттай албай жатканын билдирди.


"Акыркы убакта Кыргызстанга Армения менен Абхазиядан оң рулдуу унаалар алынып келинди, кайрылгандардын айтымында, өлкөдө оң рулдуу унаалардын саны 50 миңге жетиши мүмкүн. Алар унааларын каттай албай, бул боюнча жардам сурап жатышат. Алар транспортту каттаса, миллиондогон акча бюджетке түшмөк. Мындан сырткары автопарк жаңыланып, баалар төмөндөмөк", - деди Жакышов.


Ал оң рулдуу унааларга уруксат берүүнү жана рулду оңдон солго жылдыруу үчүн тейлөө борборун ачууну сунуштады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн