Окумуштуулар 2024-жыл тарыхтагы эң ысык жыл болушу мүмкүн экенин болжолдошууда. Бул тууралуу Bloomberg жазды.
Маалыматта буга биринчи кезекте климаттын өзгөрүшү себеп болуп жатканы белгиленген.
"Казып алынуучу отун атмосферадагы парник газынын көлөмүн көбөйтүп, глобалдык орточо температуранын көтөрүлүшүнө алып келүүдө. 2023-жылы орточо көрсөткүч индустриялык доорго чейинки убакытка салыштырмалуу 1,4 Цельсияга жогору болгон", — деп айтылат материалда.
Эксперттер рекорддук температурага эки фактор таасир этип жатканын белгилешти. Бири температуранын глобалдык жылышы болсо, экинчиси Эль-Ниньо кубулушу болуп саналат. Бул нерсе абанын 1,5 градуска көтөрүлүшүнө алып келет.
Метеорологдордун баамында, кургакчылык менен суу ташкындары күчөйт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн