Жетинин айы 26, 2024
Убакыт: 02:05
USD
86.65
87.15
EUR
90.50
91.50
RUB
0.830
0.875

ЖМК: Борис Джонсон кызматтан кетүүгө макул болду

07.07.2022 14:52
454
ЖМК: Борис Джонсон кызматтан кетүүгө макул болду


Британиянын премьер-министри Борис Джонсон глобалдык саясий басымдын жана британ саясатчыларынын массалык жумуштан кетишинин шартында жакынкы сааттарда кызматтан кетүүгө ниеттенип жатканын британ телеканалдары iTV, Sky News жана Times гезиттери бейшемби күнү кабарлашты.


Басылмалардын айтымында, эгер Джонсон бул кызматта кала берсе, ал кийинки аптада экинчи ишенбестик добушуна туш болушу мүмкүн, деп жазат ТАСС.


Улуу Британияда кризистен улам бейшембиде 120 мүчөдөн турган өкмөттүн 53 мүчөсү кызматтан кеткенин Интерфакс билдирди.


Белгилей кетсек, Түндүк Ирландия иштери боюнча министр Брэндон Льюистен кийин технология министри Крис Филипп кызматтан кеткен. Филип Джонсонго өзүнүн социалдык тармактарына жазган катында: "Мындай абалга жеткениме абдан өкүнөм, бирок премьер-министр кызматтан кетиши керек, анткени коомчулуктун жана парламенттин ишеними так жоголду", - деп жазган


Ошондой эле, Британиянын жаңы билим берүү министри Мишель Донелан кызматтан кеткенин жарыялады. "Өкмөттөн кетүүгө туура келип жатканы абдан кайгылуу", - деп билдирет РИА Новости анын Twitter баракчасына чыккан билдирүүсүн.


Маалыматтарга караганда, Даунинг Стрит Улуу Британиянын премьер-министри Борис Джонсондун отставкасы боюнча билдирүү даярдап жатат.


Бейшембиде Англия жана Уэльстин башкы прокурору Сью-Эллен Браверман премьер-министрди кызматтан кетүүгө чакырды. Ошол эле күнү британиялык жазуучу Дж.К.Роулинг Джонсонду постунан кетүүгө үндөп, Твиттердеги билдирүүнү #JohnsonMustGo ("Джонсон кетиши керек") менен коштогон.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн