Бугу 05, 2024
Убакыт: 16:48
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

ЖМК: Сузактагы жаңжалдан кийин вице-спикердин бир тууганы Базар-Коргондун прокурору болуп дайындалды

21.09.2023 09:21
364
ЖМК: Сузактагы жаңжалдан кийин вице-спикердин бир тууганы Базар-Коргондун прокурору болуп дайындалды


Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиевдин бир тууганы Бакытбек Сыдыгалиев Базар-Коргон районунун прокурору болду. Бул тууралуу 24.kg сайты өздүк булактарга таянуу менен билдирди.


Маалыматка ылайык, бул тууралуу буйрукка башкы прокурор Курманкул Зулушев кол койду.


«Белгилүү болгондой, Сузак районундагы жаңжалдан кийин Жалал-Абад облусунун мурдагы прокурору Алмаз Кыязов Башкы прокуратуранын кадр бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп дайындалган. Район прокурорунун мурдагы орун басары Тынчтык Кенжебаев азыр Жалал-Абад облусунун прокуратурасында иштейт», - деп билдиришти редакциядан.


Эске сала кетсек, 2022-жылдын декабрь айында Сузак районунда милиция кызматкерлери кылмышты жашырганы үчүн кармалган. Алар каракчылыкка шектелгендерди жоопкерчиликке тартпоо үчүн пара алганы аныкталган. Чуулгандуу окуядан кийин президент бир катар прокурорлорду кызматтан алган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн