Тогуздун айы 10, 2025
Убакыт: 09:39
USD
87.30
87.80
EUR
100.70
101.70
RUB
1.070
1.095

ЖМК: Япон премьери Олимп оюндарын бир жылга жылдырууну сунуштады

24.03.2020 18:26
848
ЖМК: Япон премьери Олимп оюндарын бир жылга жылдырууну сунуштады


Япониянын Премьер-министри Синдзо Абэ Эл аралык олимпиада комитетинин жетекчиси Томас Бахка 2020-жылдагы Токиодо өтүүчү Олимп оюндарын бир жылга жылдырууну сунуштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.


Маалыматка ылайык, Токиодогу Олимп оюндарынын уюштуручусу Ёсиро Мори япон премьер-министри  Синдзо Абе жана ЭОКтун жетекчиси Томас Бах телефон аркылуу спорттук иш-чараны жылдыруу тууралуу баарлашканы кабарланат. Анда Япониянын Премьер-министри Синдзо Абэ Эл аралык олимпиада комитетинин жетекчиси Томас Бахка 2020-жылдагы Токиодо өтүүчү Олимп оюндарын бир жылга жылдырууну сунуштаганы айтылат.


Жайкы Олимп оюндары 24-июлдан 9-августка чейин белгиленген. Айрым олимпиадалык комитеттер ЭОКту мелдешти бир жылга жылдырууга чакырган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн