Жетинин айы 21, 2024
Убакыт: 22:55
USD
86.50
86.85
EUR
91.30
92.30
RUB
0.855
0.885

ЖМКларда адабий тилдин нормаларынын сакталышы тууралуу жыйын өттү

19.04.2022 15:37
737
ЖМКларда адабий тилдин нормаларынын сакталышы тууралуу жыйын өттү

Жалпыга маалымдоо каражаттарында жазуу эрежелеринин жана адабий тилдин ченемдеринин сакталышы боюнча мониторинг жүргүзүлгөн. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен мониторинг учурунда кемчиликтер аныкталганын, аларды жоюу жолдору талкууланганын кабарлашты.


Мониторингге жалпысынан мамлекеттик жана менчик 49 маалымат каражаты, анын ичинде 36 телеканал, 9 радио жана 4 гезит тартылган. Ар бир ЖМКнын 2021-жылдын октябрь, ноябрь, декабрь айларындагы бир апталык иши (берүүлөрү, уктуруулары, продукциялары) талдоого алынган.


Анын жыйынтыгы боюнча аныкталган мыйзам бузууларды четтетүү боюнча атайын көзөмөл жүргүзүлүп, журналисттердин сабаттуулугун жогорулатуу боюнча атайын курстарды уюштуруу маселелери каралды. Жыйынга Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Сыртбай Мусаев жана маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чынгыз Эсенгул уулу, ЖМКнын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.


Белгилей кетсек, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын демилгесине ылайык 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасына "Жалпыга маалымдоо каражаттарынын берүүлөрүндө, уктурууларында, продукцияларында жазуу эрежелеринин жана адабий тилдин ченемдеринин сакталышы" боюнча мониторинг жүргүзүү милдети киргизилип, ал Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине тапшырылган.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн