Баш оона 22, 2025
Убакыт: 11:20
USD
87.10
87.60
EUR
100.90
101.90
RUB
1.080
1.110

ЖОЖдорго кышкы кабыл алуунун акыркы IV туру башталды

22.01.2024 11:46
601
ЖОЖдорго кышкы кабыл алуунун акыркы IV туру башталды


Бүгүн, 22-январда 2023-2024-окуу жылына Кыргызстандын жогорку окуу жайларына кышкы кабыл алуунун IV туруна каттоо башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Конкурска катышуу үчүн талапкерлерди каттоо 24-январь саат 14:00дө аяктайт. Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 25-январда саат 09:00го чейин жайгаштырылат.

Кабыл алууга сунушталган абитуриент окууга болгон каалоосун 27-январь саат 16:00гө чейин тастыктоосу керек.

Эскерте кетсек, абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуунун I туру 2023-жылдын 25-декабрында башталган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн