Чын курандын 09, 2025
Убакыт: 11:16
USD
87.30
87.80
EUR
95.80
96.80
RUB
1.000
1.040

ЖОЖдорго педагогикалык адистиктерге кабыл алууда босого балл жогорулайт, - министр

01.12.2023 16:11
506
ЖОЖдорго педагогикалык адистиктерге кабыл алууда босого балл жогорулайт, - министр


Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча абитуриенттердин ЖОЖдорго өтүү босого баллы акырындык менен жогорулатылат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Жогорку Кеңештин “Ата Журт Кыргызстан”, “Ишеним” фракциялары жана “Мекенчил” депутаттык тобунун жыйынында билдирди.


Анын айтымында, педагогикалык адистиктерге кабыл алууда босого балл 5 пайызга, ЖРТдан өтүү боюнча орточо балл 2 пайызга жогорулайт.


«2024-жылы биздин болжолдор боюнча бюджеттик орундар үчүн босого балл 123 баллды түзсө, 2023-жылы 110 баллды түздү. 2023-2024-окуу жылында педагогикалык адистикке тапшыргандардын орточо баллы 160 баллды түздү», - деди ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн