Бугу 15, 2024
Убакыт: 20:30
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

ЖОЖго кабыл алуунун биринчи турунда 30 миңден ашуун абитуриент талон салды

27.07.2020 09:45
964
ЖОЖго кабыл алуунун биринчи турунда 30 миңден ашуун абитуриент талон салды


Жогорку окуу жайларга кабыл алуунун I турунда 30 миңден ашуун абитуриент талон салышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, абитуриенттердин 12 миң 121и бюджеттик орундарга, 18 миң 52 талон келишимдик негизде билим алууга талон салган.


Системдеги 64 жогорку окуу жай тарабынан 17 миң 694 абитуриент кабыл алууга сунушталды. 10 миң 927 абитуриент тандаган окуу жай жана адистиги боюнча билим алуу ниетин тастыктады.Анын 2 миң 301и бюджеттик орундарда, 8 миң 626сы келишимдик негизде билим ала алат”, - деп айтылат маалыматта.


Жогорку окуу жайларга кабыл алуунун II жана III турунун өтүү убактысы:


2-тур – 27-29-июль, саат 14:00гө чейин - сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөрдү берүү;

3-тур – 3-5-август, саат 14:00гө чейин - сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөрдү берүү.


Ар бир тур аяктагандан кийин үч күндүн ичинде кабыл алууга сунушталган абитуриенттер ЖОЖдо окуу каалоосун тастыктоосу зарыл.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн