Бугу 18, 2024
Убакыт: 23:15
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

ЖРТ тапшырбай калгандарга кечиктирилген тест өтөт

04.07.2020 18:06
1022
ЖРТ тапшырбай калгандарга кечиктирилген тест өтөт


Кечиктирилген жалпы республикалык тестирлөө 13-14-июлда өткөрүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдирди.


Маалыматка ылайык, ар кандай себептер менен тестке белгиленген мөөнөттө катыша албай калгандыктан, 13-14-июлда Бишкек жана Ош шаарларында тесттер өткөрүлөт.


Тестке каттоо (кайрадан каттоо) 6-10-июлда төмөнкү даректер боюнча жүргүзүлөт:


Бишкек шаарында - №24 мектеп-гимназиясында. Дареги: Тыныстанов көчөсү, 110

Ош шаардык билим берүү башкармалыгында (Ош шаары, Сагынбек Супаналиев көчөсү, 308)

Кечиккен тестти 2020-жылы ЖРТга катышпаган абитуриенттер тапшыра алат.

Эгерде абитуриент 2020-жылы каттоодон өтүп, бирок, ар кандай себептер менен тестке катыша албай калган болсо жана анын каттоо номери бар болсо, анда ал аталган жерлерден кайрадан каттоодон өтүүгө тийиш. Мындай абитуриенттер 3-форманы (тестке кирүү формасын), кабарлоо баракчасын, жана инсанды күбөлөндүргөн документин милдеттүү түрдө алып келиши керек.

2020-жылы жалпы республикалык тесттен четтетилген (дисквалификация болгон) абитуриенттердин каттоодон өтүүгө укугу жок.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн