Кулжа 17, 2024
Убакыт: 10:41
USD
87.10
88.00
EUR
93.70
94.70
RUB
0.955
1.000

ЖРТдан эң жогорку балл алган бүтүрүүчү белгилүү болду

27.06.2022 14:52
688
ЖРТдан эң жогорку балл алган бүтүрүүчү белгилүү болду


2022-жылы жалпы республикалык тестирлөөдө (ЖРТ) 57 окуучу эң жогорку баллга ээ болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Быйыл эң жогорку балл 235 болуп, аны Бишкек шаарындагы №70 мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсү Эрлан Көлбаев алды.

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча 235тен 221ге чейин упай топтогондор:

  • Бишкек шаарынан – 35 окуучу;
  • Ош облусу – 7 окуучу;
  • Ысык-Көл облусу – 5 окуучу;
  • Чүй облусу – 4 окуучу;
  • Баткен облусу – 3 окуучу;
  • Нарын облусу – 2 окуучу;
  • Жалал-Абад облусу – 1 окуучу.

Белгилей кетсек, 24-25-июнда өткөн ЖРТнын III этабынын жыйынтыгы менен тизме толукталышы мүмкүн. 2021-2022-окуу жылында 9-классты 106 миң 219 бүтүрүүчү, 11-классты 67 миң 45 бүтүрүүчү аяктады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн