Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 04:17
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

ЖРТга катыша албай калган бүтүрүүчүлөр үчүн дагы бир мүмкүнчүлүк түзүлөт

13.06.2024 14:05
178
ЖРТга катыша албай калган бүтүрүүчүлөр үчүн дагы бир мүмкүнчүлүк түзүлөт


2024-жылы Жалпы республикалык тестирлөөгө жүйөөлүү себептер менен катыша албай калган бүтүрүүчүлөр үчүн дагы бир мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, 21-23-июнь күндөрү Бишкек жана Ош шаарларында Жалпы республикалык тестирлөө өтөт.

ЖРТга каттоо же кайра каттоо 11-июндан 19-июнга чейин жүргүзүлөт.

Каттоо даректери:

- Бишкек шаарында – №24 мектеп-гимназиясы, К.Тыныстанов көчөсү, 110;
- Ош шаарында – Ош шаардык билим берүү башкармалыгы, Ленин көчөсү, 308.

Билим берүү министрлиги быйылкы жылы ЖРТдан четтетилген абитуриенттер кайра каттала албайт же каттоодон өтө албай турганын эскертет.

Белгилей кетсек, ЖРТнын III этабы:

- Бишкек шаарында – К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде;
- Ош шаарында – Ош мамлекеттик университетинде өткөрүлөт.

Толук маалыматты шилтеме аркылуу кирип алуу болот.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн