Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) каттоого үлгүрбөй калган абитуриенттерге кошумча үч күн берилет. Бул тууралуу Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева билдирди.
Анын айтымында, ЖРТга каттоо 14-февралдан 6-апрелге чейин жүргөн.
"Каттоого жетишпей калган абитуриенттер үчүн 23, 26-майда жана 23-июнда саат 13:00дөн 17:00гө чейин тесттик борборлордо кошумча каттоолор жүргүзүлөт. Эгер абитуриент 23-майда каттоодон өтсө, тестти 24, 25-майда тапшырат, 26-майда катталса 27-28-майда ЖРТга келет. Белгилей кетсек, 23-июнда каттоодон өткөндөр тестти бир гана Бишкек жана Ош шаарларында тапшыра алат", - деди ал.
Батракеева белгилегендей, кошумча каттоодон өтүү үчүн төмөнкү документтер керек:
· паспорт (эгерде 16 жашка чыга элек болсо, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, сүрөт чапталган маалымкат менен);
· 3х4 см көлөмүндөгү эки бирдей сүрөт;
· ЖРТнын каттоо төлөмүн тастыктаган квитанция;
· орто билим жөнүндө аттестат (мурдагы жылдардын бүтүрүүчүлөрү үчүн) .
Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башчысы Самаркүл Умралиева быйыл өлкө боюнча 9-классты 103 миңден ашык, 11-классты 67 миңден ашык окуучу аяктарын айтты.
"Жалпы республикалык тестке 47 миң 468 абитуриент катталды, ал 80 пайызды түзөт. Ошого жараша өлкө боюнча 117 тест борбору уюштурулат", - дейт ал.
Эскерте кетсек, абитуриенттер үчүн Жалпы республикалык тестирлөө төмөнкү мөөнөттөрдө өткөрүлөт:
I этап: 2022-жылдын 24, 25-майында (23-май – тест борборлорун даярдоо күнү);
II этап: 2022-жылдын 27, 28-майында (26-май – тест борборлорун даярдоо күнү);
III этап 2022-жылдын 24, 25-июнунда (23-июнь – тест борборлорун даярдоо күнү).
Соңку III этапта белгилүү бир себептер менен тест тапшырбай калган абитуриенттер үчүн мөөнөтү жылдырылган тестирлөө өткөрүлөт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн