Кулжа 29, 2024
Убакыт: 09:20
USD
86.20
87.10
EUR
92.10
93.10
RUB
0.960
1.040

ЖРТны 53 бүтүрүүчү "Алтын сертификатка" тапшырды. Эң жогорку упайды ким алды?

16.07.2020 14:05
1395
ЖРТны 53 бүтүрүүчү "Алтын сертификатка" тапшырды. Эң жогорку упайды ким алды?


2020-жылы "Алтын сертификатка" 53 бүтүрүүчү татыктуу болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.


Маалыматка караганда, бул жылы жалпы республикалык тестирлѳѳгѳ 43 245 бүтүрүүчү катышты. Алардын ичинен 53 бүтүрүүчү эң жогорку упай алып, "Алтын сертификатка" ээ болушту.


Эң жогору упайды Алай районунун Кабылан-Көл айылындагы Э. Мурзаев атындагы орто мектебинин окуучусу Нурбек кызы Акмарал алды. Анын баллы - 229.


Алдынкы упайларды алган окуучулар төмөнкү аймактарда:


Бишкек шаары – 28;

Ош шаары - 3;

Чүй облусу – 6;

Ош облусу – 2;

Талас облусу – 2;

Баткен облусу – 6;

Ысык-Кѳл облусу – 4;

Нарын облусу – 1;

Жалал-Абад облусу - 1.


Азыркы учурда ар кандай себептер менен мурдагы эки этапка катыша албаган бүтүрүүчүлѳр ЖРТга тест тапшырышты (2020-жылдын 13-14-июлунда), алардын саны 700гѳ жакын. Акыркы этаптын жыйынтыгы боюнча эң жогорку упайга ээ болгон бүтүрүүчүлѳр болсо, Алтын сертификатка ээ болгон тизмеге 17-июлда  кошумча киргизилет.


"Алтын сертификат" алган 53 бүтүрүүчүнүн тизмеси менен бул жактан тааныша аласыз.


Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Асанбаев Эмир
Канча балл