Жер бетине жаралган жандуулардын ичинен адам баласы гана акыл калчап ой жүгүртүп, келечегин пландап, максат коюп, алданеге умтулуп жашай алат. Калган жандуулар инстинк аркылуу гана жашайт. Адамзаты өз жашоо-шартын жеңилдетүү, кооз кылуу үчүн ар дайым жаңы бир ачылыштарды жасоо менен алек. Ал жаңы ачылыштардын арты менен тирешүүлөр, биринин үстүнөн экинчиси үстөмдүк жасоо аракеттери башталат. Биздин доорго чейин да эчендеген ири державалардын болгону, укмуштай кооз шаарлардын курулганы, таасир талашуулардын болгону мунун ачык мисалы. Таасир талашуулардын арты өкүмзордуктар менен коштолгон. Жүрүп отуруп ар кандай өнүгүүлөрдүн арты кыйроо менен аяктап келген. Кыйроолор адам баласынын менменсинүүлөрүнүн жогорку чекке жетип калган учурларында башталган.
Ар кандай кыйроолор же коркунучтар өзгөрүүлөргө алып барат. Жер каймактагандан бери эчендеген жаңылануулар болду, андай жаңылануулар мындан ары да болбойт деп эч ким айта албайт. Ал жаңылануулар ар кандай жолдор менен келген – согуш, табигый кырсыктар жана тез тараган оору.
21-кылымдын экинчи ондугу аяктар мезгилде да жер бетинде жаңылануунун учуру келгендей болду. Бул бизге коронавирус пандемиясы менен келе жатат. Жеңилинен берсин деп Жараткандан сурангандан башка арга жок.
Байыркы римдик мамлекеттик жана коомдук ишмер, полководец жана жазуучу Юлий Цезарь мындай деп жазган: «Биздин бардык адамдык табиятыбызга таандык кемчилик – күтүүсүз жана белгисиз нерселер өтө чоң өзүңө ишенгендикти же өтө чоң коркунучту туудурат».
Бүгүн биз Цезарь айткан эки нерсенин экинчисине кабылып турабыз – өтө чоң коркунучка. Биз баарыбыз бул вирустун алдында алсыз экенибизди моюндаганга аргасызбыз. Ага каршы курал-жарак менен чыгып коркута албайт экенбиз. Же атом бомбасы менен да коркутууга болбойт экен. «Байлыгым берейин, бийлигимди берейин» дегенге деле көнбөчүдөй. Вирус күндөн-күнгө көбүрөөк аймакты унчукпай «басып» алып келатат. Дүйнөнү дүңгүрөткөн Чыңгызхан, Македонский да мынчалык территорияны баса алган эмес.
Гүүлдөгөн чоң-чоң шаарлар тунжурап калды. Бүтүндөй дүйнө мамлекеттери баштарын мыкчып, «канткенде бул апааттан аман калабыз?» деген суроо менен отурат. Баягы аткан октой зымырап өтүп бараткан убакыт токтоп калгансыды. Убакыттын берекеси кеткен эле, ошол нерсе калыбына келип калганын дароо сездик. Демократы да, автократы да, динчили да, динсизи да, байы да, кедейи да, күчтүүсү да, алсызы да тунжурап турат. Дүйнө токтоп турат. Бул вирус санкция менен же согуш менен коркуткан жок, унчукпай гана баарыбызды кекиртектен алды.
Эмнеден жаздык эле? Ушул суроого жооп туура табылса, балким ал коронавирустун вакцинасы болуп калышы мүмкүн. Балким жоопту табабыз.
Жан дүйнө баалуулугу, адамдык мамиле материалдык баалуулуктун алдында алсыз болду. Акыйкаттык, адилеттүүлүк кош жүздүүлүктүн тебелендисинде калды. Интеллигенция өкүлдөрү отура турган төргө криминалдар, коммерсанттар отурду. Алдуу алсызды башынан сылаганга караганда, кордогондон ырахат алды. Бул жашоо кыска экенин, түбөлүк эмес экенин унуттук. Жыйнаган миллиондор же миллиарддар, асман тиреген имараттар, алтын, бриллианттар өмүрдү узартууга же жаңысын сатып алууга жардамын тийгизе албасын эстен чыгардык. Жалган дүйнө менен кош айтышканда жыпжылаңач ак кепинге оролуп гана кетерибизди эстебей калдык. Табият менен айкалышып, ар бир күндү баалап-барктап жашоодон алыстадык. Жүрөктөр мерез болду, кайра ошонусуна мактанчу болдук.
Кыязы карөзгөйлүк чегине жетти окшойт. Бир берилген өмүрдү улунуп-жулунуп жашоо менен өткөрүү акылсыздык экенин коронавирус аркылуу эскертип жаткандыр. Кайрадан жаңылануучу мезгил келди. Жан дүйнө баалуулуктары, адамкерчилик касиет, маданияттуулук кайрадан алдыңкы планга чыга турган учурдур. Биздин коом түрдүү көз караштардын, түрдүү дүйнө таанымдардын, светтик жана диний түшүнүктөрдүн, маданияттуулук жана жылыңачтануулардын таштанды талаасындай болуп калды. Балким, биз эми феминизмден салттуу үй-бүлөлүк очокту сактоону, пофигизмден жоопкерчиликтүү болууну, жылаңачтануу искусствосунан маданиятуу искусствону өйдө коюну, билимсизден билимдүүнү ажырата таанууну, өздөрүн мактагандардан өлөрчө качууну үйрөнөттүрбүз.
Бул күндөрдөгү карантин бизди өзүбүздү өзүбүз талдоого кеңири убакыт түзүп берди. Суроолорду берчү да өзүбүз, жооп бере турган да өзүбүз. Болгону бул ирет өзүбүздү алдабай жооп бере алабызбы? Ишеним, сүйүү (түрлөрүнө карай), адамгерчилик, кең пейилдик, чыдамкайлык, тазалык (дененин тазалыгы гана эмес) бул оорунун вакцинасы болуп бере алат. Ар би радам тазаланса, дүйнө таанымын, жан дүйнөсүн тазалай алса, дүйнө да тазарат, жашоо да кызыктуу, көркөм болот.
Канатбек Аскаров
Пикирлер (1)