Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 09:02
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Жакын арада Бишкектин дагы кайсы көчөлөрүндө оңдоо иштери жүргүзүлөт? (тизме)

29.05.2024 10:34
156
Жакын арада Бишкектин дагы кайсы көчөлөрүндө оңдоо иштери жүргүзүлөт? (тизме)


10-июндан тарта Бишкектеги Чүй проспектинде реконструкция иштери башталат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.


Билдирмеге караганда, Чүй проспектинин Манас проспектинен Төрөкул Айтматов көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдолмокчу. Биринчи этапта Манастан Панфиловго чейинки бөлүгү жасалат.


Мындан тышкары, жакын арада жасала турган көчөлөр:

- Горький көчөсү. Манас проспектинен 7-Апрель көчөсүнө чейин;

- Юнусалиев көчөсү. Сухэ-Батордон Горький көчөсүнө чейин;

- Жибек Жолу. Курманжан даткадан Тоголок Молдого чейин.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн