Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 19:11
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Жакында Бишкектеги №8 бала бакча ачылат

29.11.2022 14:45
267
Жакында Бишкектеги №8 бала бакча ачылат



Ленин районунун акими Русланбек Тагаев бала бакчанын ачылышына карата даярдык иштеринин жүрүшү менен таанышты.


Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, бала бакча эмеректер, шейшептер менен камсыздалган, ашканасы да жабдылган. Эмеректер жыйноо жана орнотуу подрядчы тарабынан ишке ашырылат, ал эми аймакты жашылдандыруу параллелдүү жүргүзүлүдө. Мектепке чейинки билим берүү мекемесинин имаратынын конструкциясы эки кабаттуу. Жер участогунун жалпы аянты 0,38 га. Курулуш аянты - 640 чарчы метр. Бала бакча 120 балага ылайыкталган (4 тайпа).


Бала бакчанын ачылышы үстүбүздөгү жылдын декабрь айынын биринчи он күндүгүнө пландалууда.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн