Учтун айы 30, 2025
Убакыт: 11:18
USD
87.30
87.80
EUR
90.80
91.80
RUB
0.875
0.910

Жакында Бишкектеги кыргыз-түрк ооруканасында 2 бейтаптын бөйрөгү алмаштырылат

28.01.2025 16:28
90
Жакында Бишкектеги кыргыз-түрк ооруканасында 2 бейтаптын бөйрөгү алмаштырылат


Бүгүн саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигинин Мамлекеттик ооруканалардын башкы директорунун орун басары доктор Бахар Айдынлы баштаган делегациясы менен жолукту.


Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда тараптар Режеп Тайып Эрдоган атындагы Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достугу ооруканасында органдарды трансплантациялоо жаатында кызматташуу маселелерин талкуулашты.


Ошондой эле учурда доктор Бахар Айдынлы жетектеген түркиялык адистердин тобу кыргыз-түрк ооруканасынын иши менен таанышып жатканы айтылды. Делегациянын курамында жакынкы убакытта даярдыгына жараша эки бейтапка бөйрөк алмаштыруу операциясын жасоону пландап жаткан трансплантолог дарыгерлер бар.


Жолугушууда доктор Бахар Айдынлы трансплантологдордун эки тобу Режеп Тайып Эрдоган атындагы Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достугу ооруканасында ишин уланта турганын билдирди. Дарыгерлер даярдыкка жараша бейтаптарга бөйрөк алмаштыруу боюнча операцияларды жасашат.


Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев учурда эки бейтап бөйрөгүн алмаштырууга даяр экенин билдирди. 


"Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда буга чейин кол коюлган келишимдердин алкагында бөйрөктү трансплантациялоо башка бейтаптарга да жеткиликтүү болот. Бул операцияларды каржылоо КР министрлер кабинетинин буйруктарынын негизинде ишке ашырылат. Бир бейтапка бөйрөк алмаштыруунун баасы 7,5 миң долларды түзөт. Алгачкы эки операцияга президенттин демөөрчүлүк фондунан 15 миң доллар бөлүндү", - деди Бейшеналиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн