Бугу 21, 2024
Убакыт: 12:34
USD
88.20
89.10
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Жакында Бишкектеги конуш тургундарынан тест алына баштайт

24.04.2020 17:29
1377
Жакында Бишкектеги конуш тургундарынан тест алына баштайт


Бүгүн, 24-апрелде Республикалык ыкчам штабдын жыйынынын жүрүшүндө лабораторияларды тест-системалар менен камсыздоо маселелери талкууланды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 


Саламаттык сактоо министрлигине, Тышкы иштер министрлигине тест системаларын сатып алуу жана өлкөгө жеткирүүнү уюштуруу иштерин күчөтүү тапшырылды. 

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов белгилегендей, тест системалардын запасы өлкөдө дайым болушу керек. Бул боюнча үзгүлтүксүз иш жүргүзүү кажет. Лабораториялар толук кандуу иштөөгө тийиш.

Жакынкы мезгилде Бишкектин тегерегиндеги 49 жаңы конуштардын жашоочуларын текшерүү зарылдыгына жараша тест алуу башталат. Мындан тышкары биз жаңы аба каттамдарды күтүүдөбүз. Бардык тармактык кызматтар толук даяр турушу шарт, эч кандай катачылыктар жана иштеги жетишсиздиктер болбоого тийиш», - деди Кубатбек Боронов. 

Штабдын жыйынынын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына тапшырмалар берилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн