Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 16:33
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Кыргызстанга Россиядан гуманитардык жардам келет

18.07.2020 18:05
1258
Кыргызстанга Россиядан гуманитардык жардам келет

Президент Сооронбай Жээнбековдун Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен телефондук сүйлөшүүсүнүн жана жөнөтүлгөн өтүнүчтүн алкагында Россиянын Кыргызстанга гуманитардык жардамы өлкөгө жакынкы убакта жеткирилет. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, россиялык тарап гуманитардык жардам иретинде Кыргызстанга 31 ИВЛ аппарат, 70 керебеттик монитор, 5 көчмө рентгенаппарат, 6 ультра үн жабдуусу жана жеке коргонуучу каражаттарды (0,5 млн хирургиялык беткап) берет. 

Бул тууралуу 2020-жылдын 17-июлунда Минскте Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуунун алкагындагы премьер-министр Кубатбек Бороновдун Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен жолугушуусу учурунда белгилүү болду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн