Бишкекте коомдук маршруткада Россия армиясынын жарнамасы чапталган унаа жүрөт деген видео социалдык тармактарда тараган. Милициянын кайгуул кызматы унааны таап, айдоочу менен түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын маалымат катчысы Байказы Айтикулов билдирди.
Анын айтымында, айдоочу маршруттук унааны бир ай мурда Россиядан алып келген. Түшүндүрүү иштеринен кийин айдоочу жарнаманы алып салган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн