Бугу 04, 2024
Убакыт: 21:19
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Жакынкы 3 жылда бюджетти 1 триллионго жакындатуу боюнча жакшы прогноздор бар, — Акылбек Жапаров

25.04.2024 12:34
339
Жакынкы 3 жылда бюджетти 1 триллионго жакындатуу боюнча жакшы прогноздор бар, — Акылбек Жапаров


Жакынкы 3 жылда Кыргызстандын бюджетин 1 триллионго жакындатуу боюнча жакшы прогноздор бар. Бул тууралуу өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча президенттин администрациясынын коллегиясынын жүрүшүндө министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров билдирди.

Ал Эл аралык валюта фонду өлкөнүн экономикалык өсүү болжолун кайра карап чыкканын, Дүйнөлүк банк да Кыргызстандын экономикасы боюнча божомолун жакшыртканын билдирди.

"Биз 2024-жылдын биринчи кварталын 8,8% өсүш менен аяктадык. Өлкөнүн бюджетинин киреше бөлүгүн дээрлик үч эсеге көбөйттүк. 2023-жылы консолидацияланган бюджет 575 миллиард сомдон ашты, ал эми 2024-жылга 600,7 миллиард сом пландалууда, бирок Каржы министрлиги бул көрсөткүчтөн ашат деп болжолдоодо", - деди ал.

Акылбек Жапаров ошондой эле мамлекеттик банктарды, өнүктүрүү фонддорун, мамлекеттик ишканаларды жана компанияларды өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду.

"«2020-жылы пандемия учурунда мамлекет бир заводду өнүктүрүүгө каражат таппай калган. Бүгүнкү күндө өндүрүш линияларын кеңейтип, завод-фабрикаларды, ишканаларды жаңылоого каражат бөлдүк. Садыр Нургожоевич ишкерлерге жана инвесторлорго реалдуу жагымдуу шарттарды түзүү боюнча бир катар чечимдерди кабыл алды. Жакынкы жылдарда бул заводдор жана ишканалар мындан да жогорку натыйжаларды бере башташат деп ишенем", — деп сөзүн жыйынтыктады министрлер кабинетинин төрагасы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн