Жакынкы бир саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болушу күтүлөт.
Кыргызгидромет кызматынан билдиришкендей, күн күркүрөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.
Катуу шамал учурунда:
- Унаанызды имарат жана бак-дарактын түбүнө токтотпоңуз;
- Электр чубалгылары турган жерге барбаңыз;
- Көз айнек кийиңиз.
Кырсык катталган учурда 112 номерине байланышыңыз.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн