Бугу 20, 2024
Убакыт: 12:06
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Таланттар парады: Жакынкы жылдары улуттук курамда жылдызы жана турган футболчулар

16.04.2020 14:05
1872
Таланттар парады: Жакынкы жылдары улуттук курамда жылдызы жана турган футболчулар

 

Спорт жаштыкты, курчтукту, күчтү талап кылат.  Андыктан дайым, улуусун кичүүсү алмаштырып турат.  Көбүнчө мындай учурларда улам кийинки муун күчтөнүп, жаңы бийиктиктерди багынта берет.  


Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасында да жакынкы 2-3 жыл аралыгында муун алмашат. Анткени негизги курамды 30 жаштын тегерегиндеги оюнчулар түзөт. Жакынкы жылдары кыргыз футболунун чолпон жылдыздары кимдер болот, улуттук курамда кимдер кыргыздын намысын коргойт, саресеп салып көрөлү.  


Адистердин пикири боюнча жана футболчулардын жеке чеберчилигин эске алуу менен алдынкы үч жыл аралыгында төмөнкү жаш оюнчуларды өлкөбүздүн биринчи командасынан көрүп калуубуз мүмкүн.


Алгач жакынкы 1-2 жылда кимдер карьерасын жыйынтыктайт, мына ошону эске алсак. Маселен дарбазачы Валерий Кашуба 36 жашка чыгып калды, мындан сырткары 2019-жылы “Дордой” командасынын курамында оюндарга көп чыкпаганын эске алсак, оюнчу үчүн быйыл улуттук курамдагы карьерасын жыйынтыктоочу мезгил келип калгандай. Ал эми бул сезондо Павел Матяш “Дордойдон” “Алга” командасына өтүп, курама командага барууга мүмкүнчүлүктөрү азайды. Анын үстүнө Матяш жайда 33 жашка толот.


Демек бул эки дарбазачынын биринин ордуна 2020-жылы жарк этип чыга келген 20 жаштагы “Дордойдун” дарбазачысы Эржан Токотаев чакыруу алат. Себеби бул жаш оюнчу Улуттук курамда ойногон Кутман Кадырбеков менен Валерий Кашубадан клубдагы атаандаштыкты жеңип алды. Ал эми экинчисинин ордуна Калыс Акималиев же болбосо Дастан Алыбеков чакыруу алышы мүмкүн. Буга башкы себеп катары командасы жок калган Арстан Кудайбердиев менен Казакстандын “Жетысу” командасынын жаштар курамына кеткен Артем Прядкиндин атаандаштык көрсөтүүдөн алыстап калганына байланыштырсак болот.


Эржан Токотаев



Коргоону бөлүгүндө курамга Азамат Байматовдун чакырылбай калганын жана бул сезондо жаш коргоочу Айзар Акматов да өлкөнүн биринчи командасына чакыруу албай калуусу ыктымал экенин эске алсак, анда калган коргоочулардын баары жаш. Бирок ошол эле учурда чет жакта ойноп жүргөн күчтүү, жаш коргоочуларыбыздын айрымдары жакынкы 1-2 жылда чакыруу алары талашсыз.


Биз Байматов менен Акматовдун ордуна келүүчү оюнчуларды тизмектеп көрөлү.


20 жаштагы коргоочу Максат Жакыбалиев 2020-жылы Сингапурдун “Хёган Юнайтед” командасына кошулду. Оюнчу буга чейин жаштар курамаларында өзүн татыктуу көрсөтүп келген.


Максат Жакыбалев



Камолиддин Ташиев Сингапурдун “Гейланг Юнайтед” командасынын оюнчусу. Ташиев 2019-жылдагы Азия чемпиондугунун астында улуттук курам менен бирге машыгып, бирок алдынкы 23 футболчунун катарына кире алган эмес. Учурда Ташиев Олимпиадалык курамдын оюнчусу.


Камолиддин Ташиев



Ал эми, 2019-жылдагы сезондо “Илбирстин” катарында өзүн мыкты көрсөткөн Андрей Долженко улуттук курамга чакырылып, быйылкы жылы “Дордойдун” катарына кошулду. Мындан сырткары 2019-жылы Бейбарс Абдырахманов жана Азат Мурзашевдер ийгиликтүү оюн көрсөтүшкөн. Быйыл эки оюнчу тең “Алга” менен келишим түзүштү, жаш коргоочуларды жакынкы 2-3 жыл аралыгында улуттук курамдан көрүп калуубуз ыктымал.


Ошол эле учурда Бишкектин “Сельмаш” командасында машыгып баштап, кийин Казакстанга көчүп кетип, ал жактын жарандыгын алган, учурда “Дордой” командасында ойноп жаткан Магомед Узденовду эстен чыгарбоо керек. Оюнчу коргоочу жана коргоонууга ыктаган жарым коргоочу катары мыкты оюн жүргүзөт. Футбол айдыңындагы кептерге караганда, Узденов жакынкы аралыкта Кыргыз жарандыгын алып, улуттук курамда ойноп калуусу мүмкүн.


Магомед Узденов 



Ал эми жарым коргоочулардан улуттук курамда соңку жылдары чоң күч болгон Эдгар Бернхардт карьерасын жыйынтыктай турган учур да жакындап калды. Учурда 34 жаштагы футболчунун жаш курагы өтүп баратканын эске алсак, анын ордун ким баса алат деген суроо жаралат. Ал эми анын ордун ээлей турган оюнчу катары “Бешикташтын” (u-19) жаштар командасында ойногон Адилет Каныбековду айтсак болот. Коргоонуга ыктаган жарым коргоочу өз кесибинин мыктыларынын бири.


Адилет Каныбеков



 

Мындан сырткары Мирлан Мурзаев, Виталий Люкс, Виктор Майер, Турсунали Рустамов жана Ахлидин Исраиловдордун ордуна Улуттук курама командага, төмөнкү оюнчулар келүүсү ыктымал.


Ырыскелди Тыныбеков жарым коргоочу, учурда Англиянын Brooke house College футбол академиясында тарбия алып жатат. Ал 16 жашка чейинки өспүрүмдөр курама командабыздын капитаны катары өзүн 2019-жылы көрсөтө алды.


Ырыскелди Тыныбеков



Сол канаттагы жарым коргоочу Бекназ Алмазбеков Түркиянын “Галатасарай” клубунун 15 жашка чейинки командасынын капитаны жана Кыргызстандын 16 жашка чейинки өспүрүмдөр курама командасынын эң активдүү оюнчусу.


Бекназ Алмазбеков




Эмир Шигайбаев учурда Белорустун “Неман” командасынын жаштар курамында жүрөт. Мындан сырткары өлкөнүн жаштар курама командасынын оюнчусу.


Эмир Шигайбаев



Гүлжигит Бөрүбаев 2020-жылы “Дордой” командасына кошулду. Учурда жаштар курама командасынын оюнчусу.


Гүлжигит Бөрүбаев



Амир Жапаров “Абдыш-Ата” командасынын жана 19 жашка чейинки улуттук курамдын жарым коргоочусу. Мындан сырткары Канттык команданын жарым коргоочусу Орозбек Тимур уулу да бар.


Амир Жапаров



2019-жылы  курамга жаңы чакыруу алган Алимардон Шүкүров менен Гүлжигит Алыкулов жаштар эмнеге жөндөмдү экенин көрсөткөн. Демек муун алмашуу менен Кыргызстандын улуттук курама командасы дагы бир тепкичке секирик жасайт деген үмүттөр бар.


Шүкүров менен Алыкулов машыгуу учурунда



Мындан сырткары да өлкөбүздүн командаларында көптөгөн жаш таланттуу оюнчулар көп. Алар май айында улана турган футбол сезонунда өзүлөрүн кандай көрсөтөт байкап көрөбүз.


Ошондой эле азырынча бизге белгисиз болгон, бирок чет жерлердеги алдынкы командаларда тарбия алып жаткан мигранттардын балдары бар экенин да эстен чыгарбоо керек.  

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Жолболду уулу Ташполот
Эрбол Атабаев деген бала бар элего кыргыздын умуту деп айтылган бала азыркы учурда чоноюп эле калса керек.