Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 11:52
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

«Жакырчылык - революцияга алып барат, революция – жакырчылыкка алып келет”

05.01.2022 23:33
1426
«Жакырчылык - революцияга алып барат, революция – жакырчылыкка алып келет”


«Жакырчылык - революцияга алып барат, революция – жакырчылыкка алып келет”

В.Гюго

Жолборс жылы 82 жаштагы Елбасыны чү дегенделе каарына алып, жакасынан чапчып турганы. Бүгүн өлкөнүн жана өзүнүн саясий жашоосу кылдын учунда туру. Аны кыргыздар туура жазып жатышат, бул: “Таба эмес, тобо”.

Мен башканы коюп бир гана учурду айткым келет: Швейцариянын Женева шаарында эң кымбат жана эң көрктүү деген эгер эки ак сарай (вилла) бар болсо ошол экөөнү тең Елбасы кызы Динара Кулибаева сатып алган. Экөөндө тең Швейцария басылмалары жана коомчулугу аны суктанып эмес иренжип жазып, айтып чыгышкан. Биринчисин 2010-жылы Женева шаарын бойлой жайгашкан Лэман көлүнүн (көбү аны Женева көлү деп айтат) жээгиндеги эң кымбат деген 7960 квадрат метр аянтты ээлеген ак сарайын 74.7 миллион франкка (82 миллион доллар) сатып алган. 82 миллион доллар!!! Аны эң биринчилерден болуп жергиликтүү “Билан” журналы жазып чыккан. Ошол эле учурда ал журнал казак ажосунун кызы “Швейцариядагы 300 бай адамдын” бирөөсү экенин да кошумчалаган. Экинчисин 2019-жылы Женевадагы Бэльрив (Bellerive) ак сарайын (замок) 62 миллион франкка (67 млн доллар) сатып алган.
Бирөөнүн жашоосу менен биздин эч качан ишибиз болбошу керек бирок мындайда эл башынын кызы үчүн “Эл эмне дейт!” мыйзамы иштеши керек эле. Эсимде, ошол 2010-жылы Казакстандын оппозициялык “К плюс” телекөрсөтүүсү ажонун кызы сатып алган ак сарайды асмандан тартып алып күнүгө кайталап көргөзөөр эле.

Айталы, Женевадагы эң жакшы деген 5 бөлмөлүү квартира орто эсеп менен алганда болжолдуу 1 миллион франк, ал эми кенен аянты менен жакшы жер үй (вилла) 3-10 миллион франк турат. Орточо эсеп менен! Мейли, Д.Назарбаевага 20-30 миллиондук вилла деле кенен жетмек бирок байлык да оору тура: 150 миллионго үй алып эмне кылат! Мынчалык напсини бай деген швейцарлар да түшүнгөн жок, кабыл алган жок!

Кыскасы, шибеге капка катылбаганы ушул. Ажолор башкарсын, өз доорун сүрсүн бирок кыргыздын Арстанбек акылманы аны көзгө чукуп таамай айткан: “Эл менен болсоң бийиксиң..!” деп.

Баарыбызда тынччылык, аманчылык болсун!

Жеңишбек Эдигеев, журналист

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн