Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 09:26
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жакшы досуң – алыстан чүчкүрөт. Коронавируска байланыштуу тамашалар

15.07.2020 12:56
1274
Жакшы досуң – алыстан чүчкүрөт. Коронавируска байланыштуу тамашалар


Кайсы учур болбосун кыйындыкка күлүп караган жакшы. Коронавируска байланыштуу калк ичинде айтыла баштаган тамашалардан:


Вирус чымчык эмес, учуп кетсе кармай албайсың.

Канчалык аралыкты сактаса, анык досуң ошол.

Чакырылбаган конок – ооруну алып жүргөн ойрондон жаман.

Сакалга жуккан вирус – өпкөгө өтөт.

Оорусаң өзүңдү обочо кармаганың – айыгуунун тамырын кармаганың.

Үйдөн иштегениңде - бир жума беш жумага айланып кетет экен.

Бирөөнүн Вайфайы бирөөнө кыз көрүнөт

Кудайга ишен, колуңду жууганды да унутпа.

Балдар баарын талкаласын, Веб-камерама эле тийбесе болду.

Убада кылган вакцинаны үч жыл күтөт.

Вирустан корксон – чуркап эмне кыласың.

Бирөө иштейт, жетөө карантинди шылтоолоп катынынын койнунда.

Көчөгө чыгып сулуу буттарыңа суктанткын келсе – бет кабыңды унутпа.

Сактанбай оору жугузган – карантинде сасыйт.

Итирейген санитайзердин – иттей кымбаттыгын айт.

Коронавируска ишенбей жатып – карантинде жасалгандардын баарын бүлдүрбөдүбү.

Карантинден үмүт кылып – кардыңды сылап жата бербе. 

Жакшы досуң – алыстан чүчкүрөт.

Бардык жолдор Уханга алып барат.

Корона дегениң шибегедей эле – каякка чүчкүрсөң ошол жакты тешип чыгат.

Карантинде ат алмаштырбайт.

Ат-аа, жеңиме эле чүчкүрөйүн дегем, мойнум кыска болуп жатпайбы.

Өзүңдүн өлкөңдө болбогондон кийин, өзгөнүн вакцинасын мактап не кыласың.

Виртуалдык дос – жаңы достун экөөсүнөн артык.

Акыркы чүчкүргөн адам, баарынан жакшы чүчкүрөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн