Бугу 02, 2024
Убакыт: 21:44
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Жакшы жаңылык! Ноокатта 50 орундуу тигүү цехи ачылды

31.05.2022 17:00
2028
Жакшы жаңылык! Ноокатта 50 орундуу тигүү цехи ачылды


Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндө ички инвестор тарабынан тигүү цехи ачылып, жергиликтүү тургундар үчүн 50 жумушчу орун түзүлдү. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган мекеменин ачылыш аземине КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкулов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.

Аталган тигүү цехинде кийим кече тигилет. Өндүрүлгөн продукция коңшу өлкөлөргө жана Россия Федерациясына экспорттолот.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн