Акылдуулар дайыма күчтүүлөрдү жеңет. Кээде дароо жеңе албай калышы мүмкүн, бирок, акыр аягында дайыма жеңет.
(Александр Галицкий)
Алданып калуунун эң жөнөкөй жолу – бул өзүн башкаларга караганда акылдуумун деп эсептөө.
(Франсуа де Ларошфуко)
Келесоо болуп көрүнгүң келбесе, дудук, дүлөй болуп ал.
(Петр Квятковский)
Келесоолук көп сүйлөгөндөн, акылдуулук унчукпагандан билинет.
(Татьяна Суходольская)
Акылдуулардын арасында келесоо болуп көрүнгөнгө караганда, келесоолордун арасында акылдуу болуп көрүнгөн кыйла оңой.
(Юрий Татаркин)
Сен канчалык акылдуу болбогун, “келесоосуң” деп айткандар баары бир чыгат.
(Дарий)
Бирөөлөр жол издесе, бирөөлөр жөн эле дейдип жүрүшөт.
(Вита Логвиненко)
Физиканын мыйзамына каршы чыгып, көңдөй баш менен бош ашказан дайыма оор болот.
(Елена Ермолова)
Өзүн акылдуу катары эсептегенден өткөн келесоолук жок.
(Нейах)
Келесоо өзүнүн ар бир оюн даанышмандык деп эсептейт.
(Вадим Синявский)
Акылдуу келесоо көрүнүп көңүл ачат.
(Юрий Зарожный)
Мен акылдууларды жакшы көргөн себебим, алар менен дайыма келесоолук кылсаң болот.
(Михаил Мамчич)
Канчалык акылдуу сүйлөсөң, ошончолук келесоо болуп көрүнөсүң.
(Юрий Зарожный)
Эгер кыз “мен акылдуумун, баарым билем” деп айтса, анда ал сен ойлогонго караганда да келесоо экен.
(Эхтирам Миришов)
Келесоолор менен тойлогондон көрө, акылдуулар менен ачка болгон жакшы.
(Сергей Федин)
Койго акылды арттыруучу жем берсең, ал болгону семирет.
(Алексей Батиевский)
Жиндиканада эң соо киши эң оорукчан болуп көрүнөт.
(Илья Родионов)
Өзүңдү акылдуу деп ойлоордон мурда аябай ойлон.
(Игорь Карпов)
Келесоолор деле кээде “акылдуулук оорусун” жуктуруп алышы мүмкүн, бирок иммунитет аларды дайыма сактап калат.
(Павел Шарпп)
Акылдуу болбой туруп келесоолукка баа берүү кыйын.
(Владимир Кафанов)
Мен өзүмдү акылдуу катары эсептегим келет, бирок кылган иштерим ага жол бербей атпайбы!
(Марат Амир)
Акыйкаттын түбүнө жетүү – даанышмандын кыялы. Акылмандын түбүнө жетүү – келесоонун кыялы.
(Михаил Мамчич)
Даанышмандык көлөкөгө жашынса, келесоолук дайыма күнгө умтулат.
(Гарри Симанович)
Көп кишилер ойлонуу дегенди баш оору катары элестетишет.
(Марат Амир)
Акылы чектелүү кишилер адатта өздөрүн чектешпейт.
(Миша Богородский)
Келесоо экенин ар бир келесоо өзү айтат.
(Сабир Омуров)
Эгер сен өзүңө кожоюн издесең, айлакер кул экенсиң. Эгер сен өзүңө кул издесең, келесоо кожоюн экенсиң.
(Миша Богородский)
Парадокс, бирок адам келесоолугунун натыйжасында гана акылына кирет.
(Василий Репин)
Жакшылыгы жок акыл – бул жөн гана куулук. Акылга жакшылык кошулганда гана ал даанышмандыкка айланат.
(Дмитрий Лихачев)
Канчалык аракет кылсам да баары бир акылдуу көрүнүп калып атам.
(Вадим Мальков)
Эгер келесоолор болбогондо акылдуулар эмне кылат эле?
(Кэтрин Прайс)
Дөөрүк суроолорду берген киши келесоо эмес, дөөрүк жоопторду берген киши келесоо.
(Илья Родионов)
Акылдуу келесоолонсо болот, а эмне үчүн келесоо акылдуусунса болбойт?
(Нейах)
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн