Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 06:14
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Жакшыны да айта билели

13.04.2021 22:45
1000
Жакшыны да айта билели


Жалган жалаа менен соттолгон саясий ишмерлердин азыркы бийликтин тушунда акталып жатышы алкоого татыйт. Бийлик эл турмушун тез арада оңдоп жибере албашын түшүнөбүз, бирок адилеттүүлүктү камсыздап берсе, баарыбыз ыраазы болобуз, кубаттайбыз!

Текебаев менен Чотонов ак жеринен камалган, муну ошол учурунда эле айтып чыкканбыз. Чет элдик бир шылуунга таянып, өз уулдарыбызды негизсиз азапка салышты. Бүгүн акталды.

Аида Салянованы да ойдон чыгарылган иш менен жөн эле жылдап кыйнашты, бир иши боюнча жакында акталды, ушундай болушу керек болчу. ЖКдагы алдыңкы үчтүн бири эле эже, адилетсиз системанын айынан акылын пайдалана албай жүрөбүз.

Курсан Асановду да камакка алуу туура эмес болгон, кечээ үй камагына чыкканы жакшы болду, эми толук акталсын.

Сотубуз адилеттүү иштеп, бийлик кийлигишпесе, кадрлар туура тандалса, калыстык болсо, сын айткандарды жээрибесе, жакшыны жакшы деп, кубаттап турганга эмне жетсин. Эми, Тилекматты да чыгарат деп ишенебиз.

Жанар Акаев, КР ЖКнын депутаты

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн