Бугу 06, 2024
Убакыт: 03:18
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Жактоочу: Адахан Мадумаровдун ден соолугу кескин начарлап кетти

10.10.2023 16:01
316
Жактоочу: Адахан Мадумаровдун ден соолугу кескин начарлап кетти


Жогорку Кеңештин камактагы депутаты Адахан Мадумаровдун ден соолугу кескин начарлап кетти. Бул тууралуу 24.kg’ге анын жактоочусу Юлия Богданова билдирди.


Анын айтымында, тергөө мыйзамсыз жүргүзүлүп, мамлекеттик чыккынчылыкка шектелген адам кесиптик коргоо укугунан ажыратылган. Мадумаровдун эки кылмыш иши тең жашыруун, анын ичинде алдамчылык иши дагы.



Коргоо өкүлүн эң көп тынчсыздандырганы саясатчынын ден соолугу.


«Чындыгында, Адахан Мадумаров тез арада операцияга муктаж, анын жүрөгү ооруйт. Ошол эле учурда тергөө соттук-медициналык экспертиза жүргүзгөн эмес», — деди Юлия Богданова.


Буга чейин айыпталуучу ооруканага 26-сентябрда жеткирилгени маалымдалган.


Эске сала кетсек, Адахан Мадумаров 2-сентябрда кармалып, соттун чечими менен УКМКнын СИЗОсуна киргизилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн