Асылбек Жээнбековду абакта кармоого эч кандай негиз жок. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековдун жактоочусу билдирди.
Жактоочу бүгүн Бишкек шаардык соттун чечиминен кийин журналисттерге иш боюнча комментарий берди.
"Башкы прокуратурага өтүнүч жиберсек, тергөөдөн кийин күнөөсү аныкталса, башкы орган Жогорку Кеңешке депутатты жоопко тартуу боюнча уруксат сурайт. Бул дегени азыр Жээнбеков күнөөсүз болсо да абакта отурат дегени.
Экинчи жагдай, тергөө бир жактуу каралып, айыптоого багытталууда.
Үчүнчүдөн, Асылбек Жээнбековдун аракеттери стенограммада жазылган. Ал жерде эч кандай мыйзам бузуу катталган эмес",- деди жактоочу.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн