Асылбек Жээнбековдун камалышы мыйзамсыз. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековдун жактоочусу Давран Касымов билдирди.
Анын айтымында, Жээнбековду камоого эч кандай себеп жок
"Асылбек Шариповичти камоо чечими мыйзамсыз. Биз бул боюнча кийинки инстанцияга кайрылабыз. Аны камоого эч кандай себеп жок эле",- деди жактоочу.
Эске салсак, бүгүн Биринчи Май райондук соту Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган.
Пикирлер (4)