Бугу 20, 2024
Убакыт: 08:45
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жактоочу Атамбаевдин абалы боюнча билдирүү таратты

01.12.2020 18:11
1217
Жактоочу Атамбаевдин абалы боюнча билдирүү таратты

Буга чейин Атамбаевдин жактоочулары мурдагы президент кечээтен бери №47 түзөтүү абагында мыйзамсыз кармалып турганын билдиришкен. Себеби 30-ноябрда Жогорку сот Алмазбек Атамбаевге карата буга чейин чыгарылган өкүмдү жокко чыгарган. Кылмыш иши Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна кайра кароого жөнөтүлгөн.


«Жогорку сот Биринчи май райондук сотуна токтом жөнөтүп, камактан бошотуу үчүн ал жактан ЖАМКга берилиши керек», - деп түшүндүргөн жактоочу.


Ал эми ЖАМКтын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, учурда Атамбаевди бошотуу тууралуу токтом жөнөтүлө элек.


Жогорку соттун басма сөз кызматынын маалыматына караганда, мурдагы президенттин бөгөт коюу чарасын өзгөртүү маселеси Атамбаевдин жактоочулары өтүнүч менен кайрылган учурда Биринчи май райондук сотунда каралышы керек.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн