Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 22:25
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Жактоочу: Азамат Дыйканбаев пара талап кылган эмес

21.05.2021 07:24
1444
Жактоочу: Азамат Дыйканбаев пара талап кылган эмес

Ири өлчөмдө пара талап кылууга шектүү катары кармалган Министрлер кабинетинин төрагасынын мурдагы орун басары - санариптик өнүктүрүү министри Азамат Дыйканбаевдин адвокаты Кайсын Абакиров тергөөнүн айыптоосу жөнүндө маалымат берди. Анын айтымында, тергөө Дыйканбаевди "Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd" деп аталган Кытай компаниясынан келишимди узартуу үчүн 2 млн. 600 миң сом талап кылган деп жатат. Адвокат Абакиров Азамат Дыйканбаевде келишимди узартуу укугу болбогонун айтууда.


20-майда Азамат Дыйканбаев ири өлчөмдө пара талап кылууга шектүү катары кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына камакка алынган.


Мекеменин маалыматына караганда, Дыйканбаев “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырып жаткан чет өлкөлүк компаниядан келишимдин мөөнөтүн узартуу маселесин оңунан чечип берүү үчүн пара талап кылган деп шектелүүдө. Ага каршы арызды чет өлкөлүк компаниянын өкүлү жазып, сотко чейинки териштирүү башталган. Жазык кодексинин 326-беренесинин ("Пара талап кылуу") негизинде кармалган жетекчинин бөгөт чарасы Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда аныкталат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн