Бугу 13, 2024
Убакыт: 18:16
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Жактоочу: Камчы Көлбаевдин өлүмү тууралуу кептер чындыкка дал келбейт

04.10.2023 18:20
637
Жактоочу: Камчы Көлбаевдин өлүмү тууралуу кептер чындыкка дал келбейт


Жактоочу Сергей Манукян Камчы Көлбаевдин өлүмү тууралуу кептер чындыкка дал келбейт, деп билдирди.


Буга чейин Манукян Көлбаевдин кызыкчылыгын коргоп келген.


«Азырынча эч нерсе белгилүү эмес. Жөн эле ушактар. Кимдин оюна келсе ошону айтып койгон. Мен азыр күтүп жатам, тергөөчүлөр күтө тур дешти. Мен кирип, абалдын кандай экенин билип, анан кабарлайм», - деди ал ММК өкүлдөрүнө жооп берип жатып.


Манукяндын айтымында, эгер атышуу болгон болсо, алар көбүнчө куралы барды атышат. «Анын колунда куралы болушу мүмкүн эмес, алар аны атып салбашы керек болчу. Эгер бул буйрук эле болбосо. Эмне жөнүндө айтып жатканымды түшүндүңүзбү?», - деп кошумчалады ал.


Белгилей кетсек, бүгүн “Блондер” кафесинде Камчы Көлбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп жаткандыгы маалым болгон. Бирок укук коргоо органдары маалыматты тастыктай элек.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн