Бугу 20, 2024
Убакыт: 03:26
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жалаа жана ушак. Акылбек Жапаров Аскар Акаевге жооп кайтарды

05.08.2021 08:42
521
Жалаа жана ушак. Акылбек Жапаров Аскар Акаевге жооп кайтарды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Экономика министри Акылбек Жапаров мурдагы президент Аскар Акаевдин анын дарегине  Кумтөр боюнча айткан сөздөрүн четке какты. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жазды.


Анын айтымында, Кумтөр боюнча коррупциялык келишимдердин башында Акаев турган.


"Аскар Акаев Кумтөр боюнча коррупциялык схемага менин тиешем бар экенин билдирди. Ал кезде Акылбек Жапаров эч бир келишим кол койгон да эмес жана эч бир комиссиясыны жетектеген эмес. Аскар Акаев өзүнүн Кыргызстандын зыянына түзгөн келишимдерин унутуп калган сыяктуу. Мен эч качан Торонтого барган эмесмин. Булардын баары жалаа жана ушак. 

Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Тергөө кимдин ким экенин көрсөтөт",- деп билдирүү калтырган Жапаров.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн