Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы Жалал-Абад шаарындагы заводдун жарылуусунан оор жаракат алгандардын учурдагы абалын айтты.
Билдирмеге караганда, кырсыктан үч адам оор жаракат алган. Алардын баары азыркы тапта жандандыруу бөлүмүндө.
"Биринин денесинин 90 пайызы күйсө, экинчисиники 80 пайыз күйгөн. Дагы бир адамдын денесинин 40 пайызы жабыркаган", — деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, кечээ, 29-майда, Жалал-Абад шаарындагы темир заводдун аймагында темир эритүүчү меш жарылган. Анын кесепетинен үч адам оор, төрт киши жеңил жаракат алганы айтылган.
Жеңил жаракат алгандардын арасында кытай, өзбек жарандары бар. Алар медициналык кароодон өткөрүлгөндөн кийин үйлөрүнө жиберилген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн