Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 20:21
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жалал-Абад ОИИБ: Базарматова Бахтигул изделүүдө

Жалал-Абад ОИИБ: Базарматова Бахтигул изделүүдө

Жалал-Абад шаарынын тургуну 1978-жылы туулган Базарматова Бахтигул Сабировна 2020-жылдын 25-ноябрь күнү саат 15:30 чамасында Жалал-Абад шаарынын Ленин жана Н.Айтматова көчөлөрүнүн кесилишинде кызы менен коштошуп үйүнө көздөй кеткен боюнча үйүнө барган эмес. 


Учурда Базарматова Бахтигул Сабировнанын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.


Өзгөчө белгилери: Бою 155-160 см, өңү буудай ыраң, чачы, кашы, көзү кара, орто дене түзүлүштө.

Кийген кийимдери: Башында сары, кара түстөр аралашкан жоолук, тизеге чейин келген боз түстөгү куртка, кара түстөгү шым, такасы кызыл болгон кара түстөгү ботинка. 


Дайынсыз болуп жаткан Базарматова Бахтигул Сабировна тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо биздин дарекке кабарлап коюуңуздарды суранабыз. 


Алдын ала көрсөткөн жардамыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз.

Тел.: (03722) 5-28-31, 7-03-44, 0777 79-23-63, 0773 00-08-02.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн