Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 20:52
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жалал-Абад ОИИБ: Радио жана телевидение күнүнө байланыштуу журналисттер сыйланды

08.12.2020 11:08
580
Жалал-Абад ОИИБ: Радио жана телевидение күнүнө байланыштуу журналисттер сыйланды

8-декабрь - Кыргызстанда радио жана телевидение кызматкерлеринин күнү. Бул датага байланыштуу бүгүн Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгында бир катар журналисттер сыйланышты. Аларга ИИМдин медалдары жана ардак грамоталары тапшырылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдады.


Сыйлыктарды тапшырып жатып Жалал-Абад ОИИБдин начальнигинин милдетин аткаруучу, милициянын полковниги Сыдыков Нурбек Абдыкалыкович майрам ээлерин куттуктап, иштерине ийгиликтерди каалады. Алардын жумуштары сыймыктуу жана жоопкерчиликтүү экендигин белгиледи. Милиция менен тыгыз кызматташып, кылмыштуулуктун алдын алууда жана профилактикалык жумуштарды коомчулукка жеткирүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн ролу чоң экендигин айтып өттү.


Өз кезегинде сыйлык алгандар тарабынан да милицияга ыраазычылыктар айтылды. Жалал-Абад ОИИБдин азыркы учурда аткарып жаткан жумуштарына оң баасын беришип, өлкөбүздө тынчтык болуусун каалашты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн