Чын курандын 18, 2024
Убакыт: 15:41
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Жалал-Абад ОИИБ башчылыгына жаңы дайындалган Ашим Тагаев өздүк курамга тааныштырылды

19.03.2021 12:43
2895
Жалал-Абад ОИИБ башчылыгына жаңы дайындалган Ашим Тагаев өздүк курамга тааныштырылды

 

Бүгүн, 19-мартта ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал майору Сүйүн Өмүрзаков Жалал-Абад ОИИБдин жаңы дайындалган начальниги, милициянын полковниги Ашым Тагаевди өздүк курамга тааныштырды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.


Ошону менен катар Сүйүн Өмүрзаков Жалал-Абад ОИИБдин жана ШРИИБ жетекчилеринен кылмыштуулуктун алдын алуу, болтурбоо жана болгон кылмыштын бетин ыкчамдык менен ачуу, окуя болгон жерге жетекчиликтин өздөрүнүн чыгуусун талап кылды.


Жалал-Абад облусунда 12 шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрү, 1 млн 200 миңден ашуун калк бар экендигин, милицияга келип кайрылган жарандардын арыз-доосун кыска мөөнөттө чечүү зарыл экендигин белгилеп өттү. Жаңы дайындалган жетекчиге ийгилик каалап, өздүк курам үчүн жакшы шарттарды түзүп, элге ак дилден кызмат кылууга чакырды. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн