Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 20:50
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жалал-Абад ОИИБ жаш өспүрүмдү ата-энесине өткөрүп берди

Жалал-Абад ОИИБ жаш өспүрүмдү ата-энесине өткөрүп берди

2020-жылдын 28-ноябрь күнү  Бишкек шаарынан Ош шаарына келе жаткан айдоочу Ош облусунун 27 жаштагы тургуну Б.З. тарабынан жашаган жери жана ата-энеси белгисиз 11 жаштагы И. аттуу  өспүрүм бала адашып калгандыгын жана ага жардам көрсөтүү үчүн суранып, аны Сузак РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө  калтырып кеткен. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма  сөз кызматы кабарлады. 


 Бул жаш өспүрүм боюнча Сузак РИИБдин жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп, ал Чүй областынын Москва районунун тургуну 2009-жылы туулган Ж.И.М. экендиги жана ал 2020-жылдын 27-ноябрь күнү болжол менен саат 13.30дар чамасында үйүнөн чыгып ошол боюнча кайтып келбегендигине байланыштуу, Чүй ОИИБдин Москва РИИБне  “Дайынсыз жоголуу” фактысы менен катталып, РИИБи тарабынан изделип жаткандыгы, жашы жете элек И.Ж.нын атасы учурда Ош шаарында жашап жаткандыктан атасын сагынып, Ош шаарына баруу максатында үйүнөн чыгып кеткендиги аныкталган.  


Ал эми 29-ноябрь күнү жаш өспүрүмдүн апасы Д.А. Сузак РИИБне чакырылып, уулу И.Ж. колундагы тиешелүү буюмдары менен өткөрүлүп берилди.  Жаш өспүрүмдүн апасы өз учурунда милиция кызматкерлерине жасаган жумуштары үчүн ыраазычылыгын билдирип өттү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн