Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 22:06
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Жалал-Абад ОИИБде бир катар кызматкерлер сыйланышты

31.05.2021 12:31
1025
Жалал-Абад ОИИБде бир катар кызматкерлер сыйланышты

Бүгүн 31-майда Жалал-Абад ОИИБдин имаратында бир катар кызматкерлер кызматта жетишкен ийгиликтери үчүн сыйланышты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.


 Жалал-Абад ОИИБдин Жоруктар жөнүндө иштер боюнча бөлүмүнүн начальниги Нурбек Масалимовго милициянын полковниги, КРнын ИИМдин атайын багыттагы полкунун (АБП) Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын нөөмөт бөлүгүнүн нөөмөткер-инспектору Расулберди Мырзатаевге милициянын капитаны наамы ыйгарылды.


 Ошондой эле КРнын ИИМдин криминалистикалык кызматынын жана КРнын ИИМдин АБПнун атайын операциялар отрядынын түзүлгөн күндөрүнө карата бир катар кызматкерлер ардак грамоталар менен сыйланышты.


Мындан сырткары 2020-жылдын 1-январь түнү кызматтык милдетин аткаруу учурунда каза болгон кызматкер, милициянын сержанты Абылов Майрамбек Тынычбековичке ИИМдин “Каармандык” медалы ыйгарылды. Ал 2013-жылдан тартып ИИОдо кызмат өтөгөн. “Каармандык” медалы анын атасы Тынычбек Абыловго тапшырылды. Өз кезегинде сөз сүйлөгөн Тынычбек Абылов ИИМдин жана Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилигине ыраазычылык билдирип, милиция кызматкерлеринин иштерине ийгиликтерди каалады. Ошондой эле уулунун артында калган 2 небересине атасынын милицияда иштегенин сыймыктануу менен айтып берээрин белгиледи.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн