Бугу 18, 2024
Убакыт: 23:53
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жалал-Абад ОИИБде журналисттер жана коомдук активисттер сыйланды

06.11.2020 10:40
742
Жалал-Абад ОИИБде журналисттер жана коомдук активисттер сыйланды

7-ноябрь маалымат жана басма сөз күнүнө карата Жалал-Абад ОИИБдин имаратында бир катар журналисттер жана пандемия учурунда милицияга көмөктөшкөн коомдук активисттер сыйланышты. Аларга ИИМдин медалдары жана ардак громаталары, Жалал-Абад ОИИБдин сыйлыктары тапшырылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. 



Сыйлык тапшырып жатып Жалал-Абад ОИИБдин начальнигинин убактылуу милдетин аткаруучу, милициянын полковниги Сыдыков Нурбек Абдыкалыкович журналисттерди алдыда келе жаткан кесиптик майрамдары менен куттуктады. Алардын аткарып жаткан жумуштары жоопкерчиликтүү жана сыймыктуу экендигин белгилеп, иштерине ийгиликтерди каалады.


Ошондой эле милиция менен тыгыз кызматташып, кылмыштуулуктун алдын алууда салым кошуп келе жаткан коомдук активисттерге ыраазычылыктар айтылды. 

Өз кезегинде сөз сүйлөгөн коноктор милициянын азыркы аткарып жаткан жумуштарына оң баасын беришип, элибизге ак кызмат өтөөдө талыкпай эмгектенип жатышкандыгын белгилешти. Соңунда Жалал-Абад шаардык борбордук мечитинин имамы Нематулла ажы Жээнбеков ак батасын берип, милициянын ишине ийгилик, элибизге тынчтык, мамлекетибизге туруктуулук жана өсүп өнүгүү тиледи.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн