Жалал-Абад облусутук ички иштер башкармалыгында бир катар кызматкерлерге медалдар тапшырылды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 15-июнда Жалал-Абад ОИИБде өзгөчө абал учурунда өзүнүн кызматтык милдеттерине карата жоопкерчиликтүү мамиле кылгандыгы үчүн бир катар кызматкерлер КРнын ИИМдин “Ардак”, “Датка айым”, “Кыргыз милициясына 95 жыл” медалдары менен сыйланышты.
Ошондой эле кылмыштуулук менен күрөшүүдө жана коомдук коопсуздукту сактоодо кошкон зор салымдары үчүн ардак грамоталар жана ыраазычылык каттар тапшырылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн