Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 14:06
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Жалал-Абад аэропортун шаар ичинен көчүрүү пландалууда

04.08.2022 15:10
634
Жалал-Абад аэропортун шаар ичинен көчүрүү пландалууда

"Жалал-Абад" аэропортун көчүрүү аракети каралууда, - деп билдирет президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.


Маалыматка ылайык, президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эркинбек Маматаев Туркиянын Анталия шаарында иш алып барган “Лиманталия Гайрименкул иншаат туризм” компаниясынын жетекчилери менен жолугушту.


Тараптар Жалал-Абад облусунун аймагында саламаттыкты сактоо, курулуш жана туризм тармагында иш алып баруу демилгелерин талкуулашты. Жыйынга Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун жергиликтүү бийлик жетекчилери да катышты.


Облус башчысынын орун басары компания башчыларына шаар ичиндеги "Жалал-Абад" аэропортун көчүрүү, ал үчүн атайын долбоор даярдалып, жер аянты ажыратылып жатканын белгиледи. Бул облусту өнүктүрүүдөгү ири демилгелердин бири экенин, аны ишке ашырууга жергиликтүү бийлик ар тараптуу көмөк көрсөтөрүн кошумчалады.


Мындан сырткары, жолугушууда аймактагы медицина тармагын жакшыртуу үчүн облустук оорукананын төрөт бөлүмүнө кошумча имарат салуу, шаар тазалыгын сактоодо таштандыны кайра иштетүү заводун куруу сунушу айтылды. Ошондой эле Жалал-Абад курортуна асма жол куруу долбоору сунушталды.


Жыйындан кийин түркиялык инвесторлорго Сузак районунун Ленин жана Көк-Арт айыл аймагынан аэропорт куруу үчүн пландалып жаткан 270 гектардан ашуун болгон жер аянты көрсөтүлдү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө алдыда тандалган жердин авиация тармагында иштетүү, коопсуздук маселелери тийиштүү кызматтар тарабынан текшерилэри белгиленди. Туризм жаатында Сузак районунун Кара-Алма токой чарбасы менен жеринен таанышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн