Бугу 17, 2024
Убакыт: 16:18
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын жаңы директору дайындалды

30.06.2023 14:30
325
Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын жаңы директору дайындалды


Сүйүнбек Усенов Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бир кун мурун "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун башкы директору Алтынбек Рысбеков жаңы дайындалган директорду жамаатка тааныштырды.

Ал бул убакытка чейин Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын башкы инженери болуп иштеп турган. Ал эми аталган ишкананын мурдагы директору Азамат Паизов башка жумушка которулду.

Жалал-Абад электр тармактар ишканасында 1885 кызматкер иштейт, жалпы облус боюнча 253 миң 073 абонент бар.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн