Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев
коронавирус жугузуп алды. Мындай маалыматты шаардык мэриянын басма сөз кызматы
ырастады деп
жазды “Азаттык”.
Калаа башчысынан COVID-19 17-июнда аныкталган. 18-июнда мэриянын бардык кызматкерлери ПЧР анализ тапшырып, азыр жыйынтыгын күтүп жатышат.
Мекемеден кабарлашкандай, мэрияда иш ыргагы токтогон жок жана кандай тартип колдонулары эми белгилүү болот.
18-июнда шаардык кеңеште 18 депутаттын катышуусунда жаңы төраганы шайлоо өтүп, ага шаар башчысы катышкан эмес.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн